Израиль Иранга ракеталык чабуул жасады

19-апрелге караган түнү Израиль Иранга ракеталык чабуул жасаганын маалымат каражаттарына таянып "РИА новости" жазды.

Маалыматтарга караганда, жардыруу Исфахан аэропортуна жана Ирандын 8-аба күчтөрүнүн базасына жакын жерде болгон. Мындан улам Тегеран, Исфахан жана Шираз шаарларына каттамдар токтотулду.

Ал эми Израиль бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 14-апрелге караган түнү Иран камикадзе дрондору менен Израилдин аймагына чабуул жасап, бул жакында Израилдин Сириядагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна жооп экенин айткан. Чабуулдан кийин Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан