“Электр станциялары” ААКсы Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү боюнча маалыматты жаңылады. Ага ылайык, бүгүн, 25-апрелге карата суу сактагычта суунун көлөмү 7 миллиард 561 миллион куб метрди түздү.
Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 621 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 138 куб метрди түзүүдө.
Белгилей өтсөк, былтыр, 25-апрелге карата суунун көлөмү 8 миллиард 79 миллион куб метрди түзгөн.