Париж Олимпиадасында тамак-аш боюнча эч кандай көйгөй болгон жок. Бул тууралуу коло байге уткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал спортчулардын күрөшүнө тамактануу да, убакыт айырмачылыгы да таасир этпегенин белгиледи.
"Социалдык тармактарда тамак-аш боюнча талкуулар көбөйүп кетти. Башка спортчулар жеген тамакты биз деле жедик, баарыбызга шарттар бирдей түзүлгөн. Тамак-аш боюнча көйгөй болгон жок. Дарыгерлерибиз тооктун шорпосун жасап берип жатышты", - деди балбан.