"Чыдашым керек". Хабиб Нурмагомедов январдагы беттеш оор болорун айтты

Атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 311 турниринде Мераб Двалишвили менен Умар Нурмагомедовдун титулдук беттеши расмий жарыяланышына реакция жасады.

Хабиб Нурмагомедов Ислам Махачев менен Умар Нурмагомедовдун секунданты экени белгилүү. Эки мушкер 19-январда өтө турган UFC 311 турниринде арты-артынан октагонго чыгышат.

Хабиб Нурмагомедов беттеш расмий жарыялангандан кийин Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Билдирүүсүндө ал бул турнир оор болорун жашырган жок.

"Менин оюмча, UFC куру үчүн эки беттеш бир убакта болбошу керек, же буга чейин болду беле? Мен чыдай алам деп үмүттөнөм", - деп жазды ал.

Ислам Махачев бул турнирде Арман Царкуян менен кез келсе, Умар Нурмагомедов грузиялык Мераб Двалишвили менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан