Орусиянын "Царица" аттуу вокалдык шоу-сынагынын 6-чыгарылышында кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекованы калыстар төмөн баа менен баалады. Бул ирет ал орус ырчысы Лайма Вайкуленин аткаруучундагы "Эй, Моряк!" же "Песенка морского дьявола" ыры менен чыккан.
Сынактын башынан бери алдыңкы орундарды камсыздап келе жаткан ырчы айым калыстардын 34 баллына ээ болсо, залдагы күйөрмандар анын талантын 8,05 балл менен баалаган. Жыйынтыгында 42,05 балл менен 6-орунга жайгашып, кийинки турга өттү.
Анткени менен "Царица" вокалдык шоу-сынагында учурда 7 гана катышуучу калды.
Ал эми Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекованы дүйнөнүн булуң-бурчунан колдоп жаткан күйөрмандары күндөн күнгө көбөйүүдө. Чыгарылыштын ютуб каналандагы берүүсүндө ырчы айымды колдогон комментарийлер арбын.