Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-декабрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып, Акылбек Жапаровдун кызматтан кеткени боюнча комментарий берди.
"Ачыгын айтып коюш керек, бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бул тармак Акылбек Үсенбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан эле токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, бул жерде жеке кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум", - деди президент.
Белгилей өтсөк, 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башка кызматка кеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.
6-декабрда УКМК Салык кызматынын башчысын жана анын орун басарын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендигин аныктап, кармагандыгы айтылган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда өткөн маалымат жыйында Салык кызматынын жетекчилеринин, кызматкерлеринин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан аткезчилик иштеринен улам өлкө казынасына 30 миллиард сомдун тегерегинде салык төлөнбөй калганын билдирген.