Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, экономика жана коммерция министри болуп Бакыт Сыдыков дайындалды. Бул боюнча бүгүн, 18-декабрда өлкө башчынын малымат кызматы кабарлады.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында карап, жактырган.
Сыдыков буга чейин президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап келген.
Ал эми экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 16-декабрда башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.