Израил Украинага Орусиядан жасалган куралдарды сунуштады

Израил бийлиги Ливанда же башка өлкөлөрдө жана аймактарда Израилдин аскерлери тарабынан колго түшүрүлгөн Орусияда жасалган куралдарды Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Украинанын Тель-Авивдеги элчилиги фейсбуктагы баракчасында Украинанын Израилдеги элчиси Евгений Корничук менен Израилдин тышкы иштер министринин орун басары Шаррен Хаскелдин жолугушуусунан кийин билдирди.

"Бул демилге эки өлкө туш болгон жалпы коркунучтарды таануудагы маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат дипломатиялык миссиянын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары жолугушууда эки өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган Иран менен Орусиянын аскердик кызматташтыгы талкууланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан