Адылбек Касымалиев Бишкектеги Республикалык күйүк борборуна барды

Бүгүн, 17-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев бейтаптардын жашоо шарттары, мекеменин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, медициналык персонал менен баарлашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор учурда модернизациялоого муктаж экендиги аныкталды: палаталар оорулуулар үчүн тийиштүү деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылбайт, ал эми медициналык жабдуулар жана медициналык багыттагы буюмдар эскирип, заманбап талаптарга жооп бербейт.

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Адылбек Касымалиевге борбордун курамында 36 керебет, анын ичинде 6 керебет интенсивдүү терапия бөлмөлөрүндө бар экендигин маалымдады. Мекеме республиканын бардык аймагынан келген эң оор жана өтө оор бейтаптарга жардам көрсөтүп, аларды дарылоону жана андан кийинки реабилитацияны камсыз кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан