Таластагы жол кырсыгынан 4 адам ооруканага түштү

Таласта катталган жол кырсыгынан 4 жаран жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 26-майда саат 09:30 чамасында болгон. Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолу менен батыштан-чыгышты карай келе жаткан Honda CR-V үлгүсүндөгү унаасы карама-каршы тилкедеги Казакстан номурундагы SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.

Башкармалык учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Honda CR-V үлгүсүндө унаасы Кеңеш айылында битум ташыган оор жүк ташуучу унаа менен кагылышканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан