Аксы районуна караштуу Чат айылынын 64 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, А.Б аттуу аялдын кийимдери Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылды. Издөө иштери кечээ, 26-майда Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан башталды.
"Бүгүн эртең мененки саат 06:00дөн тарта издөө уланууда. Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, РИИБден, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, дрондун жардамында изделип жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат билдирүүдө.