Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан ажал тапкан келинге карата айыптоо сөздөрүн айткан TikTok социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бауржан кармалып, тергөөгө жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.
Анын айтымында, азыр аны камакка алынды дегенден оолак болуп туруу кажет.
"Экспертиза жүргүзүлүп, бирок жыйынтыгы чыга элек. Тергөө амалдары уланууда. Азырынча ага кылмыш иши козголгон эмес. Бирок өлкөдөн чыгып кетпөө үчүн кароол картасы коюлган. Ошондуктан чек арадан чыгып жаткан учурда кармалып, тергөөгө жеткирилди. Учурда аны менен тергөөчүлөрдүн сүйлөшүүсү орун алууда. Азыр камакка алынды деп айтууга эрте",- деп билдирди юрист.
Буга чейин аталган жаранды камакка алуу боюнча коомчулукта кол топтолуп жаткан.