Бүгүн, 13-июнь күнү Бишкекте толугу менен реконструкциядан өткөн «Алга» спорттук комплекси салтанаттуу түрдө ачылды.
"Алга" спорттук комплекси 1954-жылы курулган жана советтик мезгилде борбор калаанын маанилүү спорттук объектилеринин бири катары эсептелген. Көп жылдар бою бул комплекс жаш спортчуларды жана жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоонун негизги машыгуу жана мелдеш өткөрүү базасы болуп келген.
СССР кулагандан кийин комплекс кароосуз калган. Көп жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Материалдык-техникалык база эскирип, стадион спорттук инфраструктурага коюлган талаптарга жооп бербей калган. Ушуга байланыштуу 2024-жылдын апрель айында мамлекеттик органдардын колдоосу менен комплексти капиталдык реконструкциялоо иштери башталган.
Аталган комплекс 3 миң орунга ылайыкташкан.