Израилдин ракетасы Ирандын мамлекеттик телеканалына тийди. Бул учурда алып баруучу түз эфирде Израилдин соккулары туурасында айтып берип жаткан. Бактыга жараша, ал аман калды, бирок программа үзгүлтүккө учурады.
Чет элдик басылмалар Иран Израилдин телеканалдарында кызмат кылгандарды эвакуациялоону эскерткенин жазышууда. Анткени алар жооп иретинде телеканалдарды талкалай тургандыгын айтты.
Ошондой эле Иран Израилдин Бней-Брак шаарындагы аскердик объектилерге сокку ура тургандыгын билдирди.