Бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочуларына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Бакиев жана Байзаков проспекттери менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна заманбап көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курула тургандыгын айтып, дээрлик жашоочулардын баары буга макул экендигин билдирди. Ал жердеги турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилет.
Белгилей кетсек, аталган жерге болжол менен 15 кабаттуу турак жайлар курулат.