Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылында Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрүнүн имамдарынын катышуусунда спорттук ынтымак оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында футбол жана стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулуп, катышуучулар оюнга активдүү түрдө катышты. Жеңүүчүлөргө атайын даярдалган сыйлыктар тапшырылып, аларды шыктандыруу менен бирге биримдик жана ынтымакты бекемдөө жаатында жылуу пикирлер айтылды.
Оюн соңунда катышуучулар үчүн сый-тамак уюштурулуп, иш-чара жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.