
Бишкектин Тунгуч кичи районунда 8-июлда саат 9:00дөн 14:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Ал күнү №9 насостук станциянын өчүрүү жана жөнгө салуу клапандарын пландуу оңдоо иштери жүргүзүлөт.
“Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.