АКШнын Техас штатында селден кеминде 24 адам каза болду

АКШнын Техас штатында катуу жааган жаан жана Гуадалупе дарыясынын ташкындап суу каптоодон кеминде 24 адам каза болду. Бул тууралуу ABC телеканалы жергиликтүү бийликке таянып билдирди.

Маалым болгондой, каза болгондордун арасында балдар да бар. Мындан тышкары 20 адам дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Штаттын губернатору Грег Эбботт бир катар округдарда өзгөчө кырдаал режимин киргизип, “дайынсыз болуп жаткан жарандарды табуу үчүн издөө-куткаруу иштери токтобостон уланат” деп билдирди. Зыян тарткандарды эвакуациялоого АКШнын Жээк күзөт кызматы да жардам берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан