Бүгүн, 9-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге кечээ күнү убадалаган унааны Садыр Жапаровдун атынан белекке тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы жетекчилер менен болгон жыйындан соң Ош шаарынын мэрине белек тапшырылды.
Ташиев өз сөзүндө Ош шаарынын мэринин ийгиликтүү жана натыйжалуу иш аракети башка мамлекеттик жетекчилерге үлгү катары бааланып, унаа белекке берилип жаткандыгын билдирди.