Эсеп палатасынын башкы инспектору аэропорттон кармалды

Эсеп палатасынын башкы инспектору опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин ишмердүүлүгүнө текшерүү ишин жүргүзүп, аныкталган каржылык мыйзам бузууларды шылтоолоп, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинен акча талап кылган. Бул боюнча маалымат алган атайын кызмат аны кечээ, 15-июлда чет өлкөдөн "Манас" эл аралык аба майданына учуп келгенде кармаган.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан