Көл жээгине унаасы менен кирип кеткен айдоочуларга 30 миң сом айып пул салынды (видео)

Ысык-Көлдө көл жээгине автоунаасы менен кирип кеткен айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, видеодо көрсөтүлгөн Toyota Highlander, Honda CR-V автоунаалары көл жээке кирип кеткендиги боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан видео келип түшкөн.

Натыйжада жогорудагы автоунаалар Жалал-Абад ЖКККБ кызматкерлери тарабынан табылган. Унаа ээлерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 189-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, автоунаалар айып короого токтотулду.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан