Анвар Артыков депутаттарды Ош шаарына барып, Июнь окуясынан кийин курулган үйлөрдүн абалын көрүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Анвар Артыков депутаттарды Ош шаарына барып, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы курган үйлөрдүн абалын көрүүгө чакырды. “Депутаттар үйлөр кандай абалда экенин көрүшсүн. Терезелери ачылбай, эшиктери кыйшайып турат”,- деди Артыков. Муну бир катар депутаттар колдошту. 
Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. Дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия мекемеде көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун айтышты. Суроо-жооп парламентте кийинки аптада уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан