Кыргызстандагы 2010-жылкы Элдик революцияга 4 жыл болду. Ошол кезде электр энергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү, уюлдук байланышка кошумча киргизилген 60 тыйындык төлөм, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бийликке аралашуусу, анын ичинде Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИнин түзүлүшүнө каршы эл көтөрүлүп чыгып, бийликтин огунан 87 азамат (кийин бул сан бир нечеге өскөн) мезгилсиз көз жумду.