Талас. Мечиттен "Садага кутучасын уурдады" деген шек менен Көк-Дөбө айылынын тургуну кармалды
Талас ОИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдиргендей, 2013-жылдын 5-январынан 6-январына караган түнү саат 5:00дөр чамасында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ичинде турган “Садага кутучасын” белгисиз адамдар уурдап чыгып, кулпусун сындырып, ичиндеги акчаны уурдап кетишкен. Талас ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде кылмышка шектелип Манас районунун Көк-Дөбө айылынын тургуну, 28 жаштагы Алымкулов Рабит кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.