Ош шаарында кан тамырын кесип салган кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын 12-майында саат 00:48де КРнын ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан №278-үйдүн батирлеринин биринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Алар батирдин ичиндеги кан тамырын кесип, өзүн жоготуп койгон Гаухарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Аталган жаран Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.