Кара-Балта шаарында жоголуп кеткен 2 жаштагы кыз табылып, ата-энесине кайтарылды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милициянын нөөмөт бөлүмүнө Жайыл районунун тургуну кайрылып, 2 жаштагы небереси жоголуп кеткенин кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери дароо издөө иштерин башташкан. Издөө иштерине атайын үйрөтүлгөн ит да тартылган. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында жоголуп жаткан наристе 22:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан табылган. Наристе ата-энесине өткөрүлүп берилген.