Бүгүн, 17-январда Бишкекте жаш спортчулар АКШдан келген Олимпиада чемпиондору менен жолугушушту. Америкалык делегаттар Сьюзан Франсия, Эрин Кафара, Хизер Петри жана Рулон Гарднерлер кыргызстандык грэпплинг боюнча жаш спортчулар менен кездешип, спорттун ушул түрү боюнча пикир алышты. “Грэпплинг -дүйнөдө эң популярдуу спорттун түрү. Муну менен АКШда балдар, ал тургай Олимпиада чемпиондору да машыгышат”,- деди Р.Гарднер. Грэпплинг – күрөштүн бир түрү.