Акыйкатчы саат 14:00дө шайланат

ЖКнын 23-январдагы жыйынында акыйкатчы шайлоо кызуу талаш-тартыш жаратууда. Депутат Дастан Бекешев: “Мыйзамга ылайык ар бир талапкерге өзүнчө добуш берилиши керек, бюллетенден бир гана талапкерге добуш берүү туура эмес. Айрым депутаттардын сунуштарына караганда мыйзам жогору турат”,- деди. Депутаттын бул сунушун Анарбек Калматов, Ахматбек Келдибеков да колдоого алып, ар бир талапкерге өз-өзүнчө добуш берүү үчүн 16 бюллетень керектеле турганын айтышты. Ал эми башка депутаттар бир гана депутат шайлана турганын айтышып, бир депутат бир гана талапкерди шайлай ала турганын айтып чыгышты. Жыйынтыгында бюллетен аркылуу бир гана талапкерге добуш берүү сунушу колдоого алынды. Добуш берүү саат 14:00дө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан