Бишкектин базарларында 46 кароосуз калган бала бар экендиги белгилүү болду

23-январда Бишкек мэриясына караштуу Социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары жана ИИМдин өкүлдөрү шаардын “Дордой” жана "Ош базарындагы“ кайырчы балдарды текшерүү учурунда кароосуз калган 46 бала катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бул балдардын ичинен 5 бала шаардык каттоосу бар, ал эми калгандары өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкендиги аныкталды. Бишкекте каттоосу бар, бирок кароосуз калган балдардын ата-энелери менен сүйлөшүү иштери жүрүп, аталган балдарга мындан ары колдоо көрсөтүлө тургандыгы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан