Депутат Садыр Жапаров ЖКдагы "Кумтөр" маселеси каралган бүгүнкү жыйынга катышууну соттон суранды

 Депутат Садыр Жапаров соттон бүгүнкү Жогорку Кеңештеги "Кумтөр" маселесин талкуулаган жыйынга катыштырууну суранды. Депутаттын бул өтүнүчү боюнча бүгүнкү сот ишин карап жаткан соттук курам чечим кабыл алуучу бөлмөгө кетишти. Жыйынга депутаттардын жактоочулары, кесиптештери катышууда. Сыртта депутаттардын тарапташтары "Депутаттарга боштондук!" деген ураан менен айыпталуучуларга колдоо көрсөтүп турушат. Айта кетсек, бүгүн, 25-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот иши уланууда.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан