ӨКМ Кара-Суу районундагы Барак анклавынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөттү

Бүгүн, 25-январда саат 08:30да Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавынын жашоочуларына гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Аталган айылга 153 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 541 даана жаш балдардын кийимдери, 306 килограмм кургатылган мөмө-жемиштер берилди. Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 200 литр өсүмдүк майы, 200 килограмм туз, 100 даана шам, 100 куту тамеки, 500 куту ширеңке жана
дары-дармектер жөнөтүлдү. Мындан сырткары өкмөттүн буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7 тонна 650 килограмм ун бөлүнүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан