Башкы прокурор Аида Салянованы "ата журтчу" депутаттардын иши боюнча сотко күбө катары чакырууну талап кылышууда

Башкы прокурор Аида Салянова "ата журтчу" депутаттардын иши боюнча кошумча сотто күбө катары суроону жактоочу Икрамидин Айткулов талап кылды. Бүгүн, 25-январдагы сот ишинде сотко төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов "Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча сот ишине Башкы прокурор Аида Салянованы алып келүүнү ачык бойдон калтырды. Сотко коомдук жактоочу катары катышып жаткан депутат Курманбек Осмонов "ата журтчу" 3 депутатка кылмыш иши мыйзамсыз козголгондугун айтып чыкты. "Мыйзам боюнча депутаттарга кылмыш ишин Башкы прокурор гана козгошу керек болчу. Бирок анын орун басары Жээналиев Нурлан козгогон. Ал учурда Башкы прокурор өлкөдө жок болчу. Бул үчүн жооп берсин" деди депутат. Соттогу 3 депутаттын жактоочулары күбө катары Аида Салянованы, Кубат Оторбаевди сотко чакырууну талап кылышууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан