24-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп, анда жыйындын президиуму жана төрагасы шайланды. Жети-Өгүз району боюнча 13 айыл өкмөт болсо, жергиликтүү кеңештин 202 депутаты бар. Ал эми кошмо жыйынга 12 айыл өкмөттөн 141 депутат катышты. Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинин кошмо жыйынынын төрагасы болуп Жети-Өгүз айылдык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Алдаяров бир добуштан шайланды. Кошмо жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Роза Кайыкова, өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Зарылбек Шарипов, облустук өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Нурбек Осмонбаев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нармеджан Ташбаев, Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дюшембиев катышты.