2012-жылдын башында Тоң райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан район боюнча 2 миң 370 үй-бүлөнүн жакыр жашай тургандыгы аныкталган. Жыл ичинде аталган башкармалык жана айыл өкмөттөрү биргелешип түзгөн жакырчылыкты кыскартуу программасынын алкагында 93 үй-бүлөнүн жашоо деңгээли жогорулап, 77 үй-бүлө жакырчылыктан толук чыгарылган. Бул тууралуу Тоң райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Максат Кыдырбаев билдирди.
Жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ар кандай кайрымдуулук иштери уюштурулуп, бир жыл ичинде райондук мамлекеттик администрация, айыл өкмөттөрү жана демөөрчүлөр тарабынан 2 миң 556 адамга 962 миң 790 сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлгөн.