Пакистандын Жогорку Соту аталган өлкөнүн премьер-министри Раджи Первез Ашрафты жана мамлекет башында турган 15 аткаминерди кармап, камакка алууга буйрук чыгарды. Ашраф 2010-жылы Пакистандын Суу чарба жана энергетика министри болуп турганда энергетикага байланышкан долбоорлорду өткөрүү үчүн пара алган деп күнөөлөнүүдө. Бул айыптоону ал моюнга алган жок. Талдоочулардын пикири боюнча Ашрафты кызматынан алуу кыйынчылык жаратат. Ал эми Пакистандын жергиликтүү маалымат булактары соттун чечими чыкканына карабай өкмөт башчы дагы деле эркиндикте жүргөнүн жарыялоодо.