Бүгүн, 25-январда ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары “Кумтөр” келишимине кол койгон бардык аткаминерлерди сот жообуна тартуу керектигин белгилешти. Депутат Ташполот Балтабаев “канадалык менеджерлерди сынга алгандан мурда, өзүбүздүн коррупцияга малынган аткаминерлерибизге чара көрүшүбүз керек. “Кумтөр” келишимине кол койгондор сот алдында жооп беришкенде гана эл биздин туруктуу жана мыйзамдуу иштеп жатканыбызга ишенет”,- деди. Бул ойду депутат Өмүрбек Текебаев да колдоого алып, “Кумтөр” долбооруна кол койгон, ошол учурдагы депутат, министрлер жана эксперттерге карата кылмыш иши козголушу керектигин айтты.