Жактоочу Икрамидин Айткулов "Ата Журт" партиясынын 3 депутатынын сотуна президент Алмазбек Атамбаевдин чакырылуусун соттон өтүндү

Бүгүн, 25-январда “Ата Журт” партиясынын депутаттары боюнча сот ишинде абактагы депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов сот ишине президент Алмазбек Атамбаевдин чакырылуусун соттон өтүндү. “Кылмыш ишинде мен президенттин жазуу түрүндөгү көрсөтмөсүн көрдүм. Ал көрсөтмөдө Камчыбек Ташиевдин психологиялык абалын текшерүү керектиги сунушталган. Башкы прокурор Аида Салянова болсо бул жарлык менен макул болгон. Президенттин мындай жарлык берүүгө укугу жок, ал адам сот процессине чакырылыш керек”,- деди Айткулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан