Ысык-Көл. Тоң райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн өрт чыкты

23-январь күнү саат 9:00дар чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун борборундагы Бөкөнбаев көчөсүндө орун алган Мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн өрт чыккан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын ага инспектору Бекжан Жексенбиев билдирди. Маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычын туура эмес колдонуудан келип чыккандыгы айтылууда. Убагында өрт өчүрүүчүлөр келип, олуттуу кырсыктын алдын алууга жетишти. Учурда кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан