Кыргызстандыктарга газдын баасы 12 сом 93 тыйын деп бекитилди

Кыргызстандыктарга жаратылыш газынын метр кубунун баасы 12 сом 93 тыйын деп бекитилди. Маалыматты Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаменти билдирди. Тийиштүү буйрукка 3-октябрда аталган департаменттин директору Миргүл Айдарова кол койду. Ал эми өндүрүш ишканалары, бюджеттик жана коммерциялык мекемелер үчүн газдын метр кубу 13 сом 81 тыйындан сатылмакчы. "Жаратылыш газы боюнча тариф метр кубуна элге 3,4 сомго арзандады, ал эми өндүрүш ишканалары, бюджеттик жана башка абоненттер үчүн 4,5 сомго төмөндөдү",- деп билдирет мекеме.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан