Исмаил Исаков: “Биз президенттин укугун кескин кыскартууну, облус, райондорду жоюуну сунуштап жатабыз”

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков өзү демилгечилердин бири болгон “Мамлекетти башкаруунун жаңы концепциясы” тууралуу пикирин ачыктады. Депутаттын билдиришинче, сунушталып жаткан концепция мамлекетте олуттуу реформаларды жасоого жол ачат. Муну депутат 6-октябрда телеканалдардын бириндеги түз эфирде айтты.

“Бизде азыр чиновниктер, бирин-бири кайталаган мамлекеттик органдар абдан көп, өкмөт башчы президентке көз каранды. Жергиликтүү бийликтин колунда жарытылуу укук жок, бүт маселе өкмөттө чечилет. Бийликти жайылтуунун ордуна баарын борборго чогултуп алганбыз. Сот бийлиги да өлкө башчысына көз каранды болуп калды, судьялар анын (президенттин) кол коюусу менен кызматка дайындалат, бошотулат. Биз сунуштаган демилге 2020-жылга чейин 3 этап менен ишке ашып, жогоруда аталгандардын баарын өзгөртөт. 

Биринчи этапта өкмөттүн ыйгарым укуктарын күчөтүү, 51 ири мамлекеттик органдын санын 34-40ка чейин кыскартуу жагы каралууда. Башкы прокуратурадан тергөө, куугунтуктоо укугу алынып, көзөмөл жүргүзүү милдети гана калат. Экинчи этапта аймактык-административдик реформа: облус, райондорду жоюп, 16-17 аймактык орган түзүү. Кыргызстанда учурда 435 айыл өкмөтү бар же 13 миң адамга бирден айыл өкмөтү. Биз жетекчилерди багып жүрө беребизби? Үчүнчү этап - соттук системди реформалоо”,- деди Исмаил Исаков.

Концепцияда президентти парламент тарабынан шайлоо жагы каралган. Өлкө башчыда мыйзамдарга кол коюу же баш тартуу, сыйлыктарды берүү, жарандык берүү жана сот иштерине байланыштуу айрым жарандарга кечирим берүү укугу гана калмакчы. Ички, тышкы саясатты жүргүзүү укугу өкмөт жетекчисине ыйгарылмакчы.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан