Орусиянын президенти Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сибирден белгилейт. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык журналисттерге билдирди. Песков туулган күнүндө өлкө башчы эмне менен алектенери тууралуу суроого “Сибирь тайгасында эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес” деп жооп берди. Орусия лидеринин иш графиги быйыл өтө татаал болгонун кошумчалайт басма сөз катчысы. “Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушууларга толо болгон. Быйыл анын графиги оор эмес, өтө оор болду. Күнү-түнү иштөө режимине жакын өттү, географиялык жактан өтө көп иш сапарлардан турду”,- деди ал.
Песковдун айтымында, президенттин өздүк майрамы үчүн тайганы тандап алганы бекеринен эмес, ал туулган күнүнөн кийин, 8-октябрда Сибирде бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Айта кетсек, Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 62 жашка толду.