Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду жана өлкөнүн алдынкы шахматчысы Семетей Төлөгөнтегинди кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиргендей, жолугушууда өлкө башчы шахматчыны бүткүл дүйнөлүк шахмат Олимпиадасынын алдынкы 10 мыктысынын тизмесине кириши жана шахмат боюнча Кыргызстандын курама командасы Олимпиадада жогорку жетишкендиктерди багындырышы менен куттуктады.
Тараптар шахмат спортун мындан ары кантип өнүктүрүү керектиги боюнча сүйлөшүштү. Өлкө жетекчиси шахмат спортун өнүктүрүүгө мамлекет көңүл бурушу керектигин, Орусияда 17-26-октябрда өтүүчү шахмат боюнча эл аралык фестивалга катышуу үчүн кыргызстандык шахматчыларга каражат бөлөрүн айтты.