Нарын облусуна логистикалык борбор курулса, 3000 жаңы иш орундары түзүлөт. Муну аталган облустун башчысы Аманбай Кайыпов бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Валерий Диль менен жолугушууда билдирди. Облус башчынын айтымында, логистикалык борбор Нарын шаарынан 85 чакырым, Ат-Башы айылынан 39 чакырым алыстыкта жайгашат. "Бул борбор курулса, товар айландыруунун көлөмү өсөт, калктын жумушсуздук агымы азаят. Бишкек-Торугарт унаа жолу маал-маалы менен оңдолуп турмакчы. Аймактын ишкердик активдүүлүгүн жандантуу үчүн аталган жол негизги ролду аткарып калышы күтүлөт",- дейт Кайыпов.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Валерий Диль логистикалык борбордун курулушунун долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасын берди. "Бажы биримдигине киргенден кийин Нарын облусунун эт, сүт азыктарын Орусияга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот",- деди вице-премьер.