Бүгүн, 8-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттар маданият, маалымат жана туризм министрлигине Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин карап жатышат. Талапкерди эл өкүлдөрү менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тааныштырды. Максүтов депутаттарды өз программасы менен тааныштырууда.
Айта кетсек, 7-октябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети, ошондой эле Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети аталган министрликке Максүтовдун талапкерлигин жактырган.