Парламенттин 8-октябрдагы жыйынында депутат
Исмаил Исаков "Жогорку Кеңеште "маданият министрлигине талапкер депутаттарга бир нече миң сом бериптир" деген ушак айтылууда" деп билдирди. Депутаттын билдиришинче, талапкер берген акчаны "Ар-намыстын" лидери
Кулов депутаттарга 3-4 миңден бөлүп бергени айтылып жатат. Министрликке талапкер
Алтынбек Максүтов бул сөздөрдүн чындыгы жок экенин айтты.
"Мен талапкер болуш үчүн бирөөгө бир тыйын берген эмесмин. Муну абийирим менен айта алам",- деди талапкер.
Мындан кийин депутат Анарбек Калматов акча таратуу тууралуу сөздөр боюнча депутат Исмаил Исаковду абайлап сүйлөөгө чакырды.