Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги каралып жатат. Жыйында Максүтов депутаттарга министрликтин ишин алдыга жылдырууга багытталган программасын тааныштырды. Депутаттар анын программасына канааттанбай жатканын айтышууда. Кожобек Рыспаев “Мен сиздин программаңызга канааттанбай жатам. Министр болом дегенден кийин жакшы даярданышыңыз керек болчу” десе, кесиптеши Каныбек Осмоналиев талапкердин дымагы күндөн-күнгө начарлап жатканына токтолду. “Бир айдан бери "программа боюнча жакшы даярдык көрүңүз" деп айтып жатам. Бирок күндөн-күнгө төмөндөп баратасыз. Программаны жеткиликтүү жазып, жакшынакай даярдансаңыз болмок. Парламент колдоп берсе, ишти алдыга жылдырып кетүү үчүн жакшы аракет кылыңыз”,- деди ал.