Каныбек Осмоналиев: “Маданият министри кызматына да квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер болушу керек”

Жогорку Кеңештин бүгүн, 8-октябрда өтүп жаткан жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына дайындоого сунушталган Алтынбек Максүтовдун талапкерлиги каралып жатат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев "бул тармакты өнүктүрүүгө жетекчи эң алгач мыкты менеджер болуусу керек" деген пикирин билдирди. Башка дагы бир катар депутаттар айыл маданияты, айылдагы маданий иш-чаралар өтүүчү клубдар менен китепканалардын абалынан тарта туризм тармагына чейин көңүл буруу зарылдыгына токтолушту.

Ар кандай нерсенин квалификациялык талаптары бар”,- деген депутат Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна да квалификациялык талаптарга жооп берген талапкер болушу керектигине токтолду. Ошону менен катар аталган министрликтен 4 жылдан бери бир да мыйзам долбоору сунушталбагандыгын сынга алып, министрликтин ишин алга жылдыруу боюнча мыйзам долбооруна түзөтүү киргизүү керектигин кошумчалады.

Депутаттардын бир тобу туризм, жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча талапкердин берген маалыматтарына канааттанбагандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан