Бийик тоолуу аймактардагы унаа жолдорунда "Тез жардам" кызматынын бригадалары нөөмөткө турууда. Муну бүгүн, 9-декабрда Жарандык коргонуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди. Анын айтымында, чукул кырдаалдардан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүчү станциялар Бишкек-Ош жолунун 61-129-чакырымында жана Төө-Ашууда жайгашкан. "Жайыл районунун 4 медициналык тобу Бишкек-Ош жолунун 132-209-чакырымдарында жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө",- деди министрдин орун басары.
Мындан тышкары Өтмөк, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында медициналык топтор иштеп жатканы айтылды.