Бишкек шаарынын үч көчөсүн оңдоого Кытай өлкөсү каражат бөлүүдө. Тийиштүү макулдашууну Жогорку Кеңеш 10-декабрдагы отурумунда карап жатат. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 31 миллион доллар гранттык каражат карап жатат. Бул каражатка Бишкектин 105 чакырым көчөсү оңдолот. Жолдун алгачкы фазасында Бишкек шаарынын үч көчөсүн (7,44 чакырым) калыбына келтирүү багытында 52,5 миллион юань (491,688 миллион сом) бөлүп жатат. Сариев бул жолдорду оңдоо боюнча тендерге кытайлык гана компаниялар катышарын кошумчалады.
“2-3 жылдын ичинде оңдоп бүтүүгө убада берип жатышат. Ошондой эле алып келген техникаларын калтырып кетишмекчи. Бирок тендерге Кытай компаниялары гана катышсын деген шарт коюшту”,- деди Сариев.