Кызматтык милдетин аткарууда каза болгондорго берилүүчү компенсациянын суммасын көтөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине төлөнүүчү компенсациянын көлөмү аз. Муну депутат Дастан Бекешев 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, компенсациянын суммасын көтөрүүнү сунуштады. Депутат өкмөт жетекчилерине кайрылып: “Милиция кызматкери каза тапса, 50-100 миң эле сом берилет. Саясий кызматтагыларга миллиондогон акчалар берилүүдө. Бул көйгөйдү чечиңиздер”,- деди. Каржы министри Ольга Лаврова бул боюнча тапшырма берилгенин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан